29 июль 2020, 11:56

Өзгөн районунда фельдшердик акушердик пункттун жаңы имараты колдонууга берилди (ФОТО)

Калктын саламаттыгы үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Беш-Абышка айылындагы фельдшердик акушердик пункттун жаңы имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев билдирди. 

Демилгени колго алган бардык жарандарыбызга, райондун акими Алайчиев Бактыбек мырзага, "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук уюмуна, директору Саид Баюми мырзага, менеджери Жалалов Медер мырзага чоң ыраазычылык. Элибиз оорубасын! Адамга адам керек. - деп белгиледи Эрнис Толтоев.  




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020