29 июль 2020, 12:07

ВИДЕО: Элдик акын Мирлан Самыйкожого достору "Toyota Land Cruiser 200" белек кылышты


Быйыл өтө эле оор жыл болду. Бирок ар бир күндү жакшы кылып же жакшы тилек менен өткөрүп өзүбүзгө майрам тартууласак болот экен. Муну айтканынымдын себеби, биз тирүүбүздө сыйлашып, бирибирибиздин баркыбызга жетпесек кийин сону өкүнүнүп калат экенбиз. 

Кыргыздын таланттуу уулдары Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун өтүп кеткени бизге оор тийди. Алардын жанында жүргөн досубуз Мирлан Самыйкожого ал нерселер бизден да оор болду. Биз аны Мики досубузду күнү түнү ташып, агаларыбыздын зыйнатында кызматында жүрүп көрдүк. Эл Микинин күйүткө күйүп турганын эфирден же радиодон көрүп турса мен жанында көрүп туруп аябай жаман болдум. Ошол күндөрү Микинин жанында жүрүп, "Эл уулдарын баптап, бапестеп албаса баарыбыз тен эле бул дуйного конок экенбиз" деген ойго келгем. Өзүмө жеткидей оокатымдан сырткары курулуш тармагында кичинекей жумушум бар. Тапканымды артынып кетпегенден кийин деп досум Микинин талантын жана мекенчил, патриоттуулугун баалап бир жорго мингизейин дегем. Ошол ой кыял эми минтип бүгүн ишке ашты. Мики досума ушул тулпарды Ак  Талаалык жигиттердин ынтымагы менен мингиздик. Эл уулун эл озу кадырлап алыш керек. Мики, жалаң жакшылыкка мин, сапарың байсалдуу болуп, алдынан шамал өтүп турсун досум. Мен сен үчүн дайым кызматтамын. Буюрса сени далай сүйүндүргөндү кудай мага насип кылсын!
1 комментарий
  1. Аноним#1197
    жап жаш,курсактар жер чийет.Уят

KABARLAR.ORG 2020