30 июль 2020, 10:45

Сурабалдиева: Тааныштарыма телефон аркылуу көңүл айтып калаарымды элестете алчу эмесмин

Урматтуу туугандар, пандемия азыр деле жаныбызда экенин унутпайлы. Бул тууралуу өзүнүн FB баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жазып чыкты.

"Пандемия, коронавирус, covid-19 деген сөздөрдү кичине балдардан бери жаттап билип калган кез. Бул илдеттен жарандарыбыздын кезексиз кеткени жүрөктү сыздатып, коштошпой калгандарыбыз арманда калдык.. Досум моргдон атасынын денесин алып жатып, акыркы сапарга узатканда жанында болбой, тааныштарыма телефон аркылуу эле көңүл айтып калаарымды эч бир элестете алчу эмесмин. Бирөө чалып калса, дагы ким деп чочуп, жаман ой кеткени эсимде.. Фейсбукту ачканда, таанып-тааныбагандардын жакындарынан айрылып, ызаланган посттор... 
Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Оор, унутулбас жоготуулар..
Урматтуу туугандар, пандемия азыр деле жаныбызда экенин унутпайлы",-деп жазат эл өкүлү.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020