30 июль 2020, 13:15

Чыныбай Турсунбековдун мандаты кимге тапшырылары белгилүү болду

Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты Роза Баратовага тапшырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселе боюнча аталган комиссияга кайрылган.

"Ыйгарым укугу токтотулган депутаттардын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерге мандат тапшырылышы керек", - деп билдиришти БШКдан.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.



Роза Баратова 1970-жылы Каракол шаарында туулган "Аквадрим" ЖЧКнын жетекчиси.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020