31 июль 2020, 17:15

Ахматбек Келдибеков кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Кадырлуу кыргыз калкым!
 Урматтуу мекендештер!

Бүткүл мусулман дүйнѳсү үчүн, тирүүлүк менен түтүмдүүлүктүн, ак тилек, мээримдүүлүктүн, ынтымак менен ырашкерликтин, кайрымдуулук менен карамдуулуктун күнү болгон Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм! 

Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, инсандарды ыймандуулукка жана сабырдуулукка, кечиримдүүлүк менен айкѳлдүккѳ, ак ниеттүүлүк менен кең пейилдүүлүккѳ үндѳгѳн улуу майрам.
 
Бул күнү баардык мусулмандар барга топук кылып, жокко чѳкпѳй, ата-бабаларды эскерип, жардамга муктаж адамдарга каралашып, жакындарына кам көрөт. Бул күнү ар бир адамдын жүрөк түпкүрүндѳ жалаң жакшы ниет менен аруу үмүт түнөк табат. Адамдар келечекке ниет кылып, Жаратканга асыл-тилектери менен кайрылышат. 

Урматтуу мусулман мекендештер!

Ушул ыйык күнү Сиздерди адал ниет менен аруу тилек жандап жүрүшүнө тилектешмин. Алла таала өлкөбүзгө өсүп – өнүгүүнү, жергебизге тынчтык бейкутчулукту, элибизге ынтымак-биримдикти берсин. Тынчылык, береке, токчулук дайыма биздин жашообузга шериктеш болсун! 

Жараткандан элибиздин биримдигин, журтубуздун бүтүндүгүн тилейм. Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020