1 август 2020, 14:36

«Кадрлар баарын чечет». Жээнбеков кызматка алууда тааныш-билиштикти жоюу негизги максат экенин айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курду.

— Бул илдет баардык күч-аракетибизди талап кылууда. Ошентсе да өз мезгилинен калбай аткарылчу иштер бар. Мисалы, биздин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларга тапшыруусу. Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу аралыктан, санарип ыкмасында жүргүзүлдү. Жаңы окуу жылы да аралыктан окутуу аркылуу башталат деп Билим берүү министрлиги кабарлады. Бул ата-энелер тарабынан бир беткей кабыл алынган жок. Нааразы болгондор да бар. Өлкөнү санариптештирүү боюнча саясат бул тармакка кандай таасир берди деген ойдосуз? Министрлик билдиргендей, баардыгы ойдогудайбы?

— Акыркы эки жылдан бери өлкөнү туташ санариптештирүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Негизги максат — калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактарда адам факторун, коррупциялык элементти кыскартуу. Өзгөчө, калкыбыздын калың катмарын камтыган —  билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, салык, бажы тармактары, элге социалдык кызмат көрсөткөн тармак толугу менен санариптешет.
Биз негизги тармактарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Ушул гана жол менен биз өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизген коррупцияны кыскарта алабыз, азайта алабыз. Элди ашыкча, кереги жок түйшүктөн арылтып, ыңгайлуулуктарды түзө алабыз. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул дүйнөлүк практика. Биздин өлкө, албетте, абдан кеч баштадык, бирок акыркы эки  жылда жарандарыбызга сезилерлик жылыштарды жасай алдык. Мындан ары да бул саясат жеке көзөмөлүмдө болот. Бул менин президенттик ишимдеги негизги багыттардын бири болуп саналат.

Ал эми билим берүү тармагын санариптештирүүнү алсак, ушул коронавирус пандемиясы бул процессти тездетти. Муктаждык жаралып, окутуу процесси толугу менен аралыктан окутууга өткөнгө шарт болду. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз да. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир наразычылыктар болууда.

Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө.

Бирок, 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат.
Жалпысынан айтканда, билим берүү тармагын санариптештирүү уланат. Быйыл мына, мектеп бүтүрүүчүлөрү аралыктан жогорку окуу жайларга тапшырышты.

Менимче, ата-энелерге, балдарыбызга ыңгайлуу болду. Мурдагыдай, алыскы айылдардан 1 ай мурда Бишкекке келип, ата-эне түйшүк тарткан жок.

Балдар ошол жашаган райондордон эле тандаган кесиби боюнча аралыктан тапшырып, бир топ ашыкча чыгымдан кутулушту. Адам факторунун кийлигишүүсү жоюлду. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик болду. Саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүүнү күчөтөбүз.

Көп пландар бар, болгону азыр пандемия шартында бир аз мурдагыдай темпте болбой, жайыраак ишке ашып жатат. Буйруса, элибиз түздөн-түз кайрылып, мамлекет кызмат көрсөткөн тармактын баарын санариптештиребиз. Бала төрөлгөндө алчу документтер, мүлк сатып алып каттаган жана башка, айтор күнүмдүк тиричиликте көп түйшүк алып келген нерселердин баарын тең, адамдын кийлигишүүсүн санариптештирүү менен жоебуз деген ниетибиз бар. Буга дагы жогоруда айтылгандай катуу көңүл бурулат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дагы бир жагдайды айта кетейин. Ушул санариптештирүүгө байланыштуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын да туташ санариптештирдик.

Жыл башында Өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгыш боюнча тапшырма берилген. Мына ошол иштин өтөөсүнө буйруса чыктык.

1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Иштей баштайт. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. «Кадрлар баарын чечет» деп, бизге чейин эле айтып кетишкен.
Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Ошол кадр тандоодо мамлекеттик кадр кызматы бошогон мамлекеттик, муниципалдык орундарга биздин жарандарыбызга ачык-айкындыкты, калыстыкты түзүп берүү. Кадр тандоо маселесине биздин жарандардын ишеничин толук алып келүү. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020