"Прованс" мейманканасындагы жаңжалдан коопсуздук кызматкери жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Белгилүү болгондой, эки жигит жана эки кыз мейманканадан бөлмөлөрдү ижарага алууну каалашкан. Администратор бир күнгө төлөнүүчү бааны компьютерге киргизгенде кардарлар баасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Кардарлардын акчаны төлөөнү баш тартканынан улам жаңжал чыгып, коопсуздук кызматкерлери чакырылган.

«Аякс» коопсуздук агенттигинен билдиришкендей, эки кызматкер окуя болгон жерге барган соң кардарлар тынчтыкты сактабай, алардын бири бөтөлкөнү кызматкерди көздөй ыргытып, экинчи кардар дагы бир кызматкерине асылган. Агенттиктен кардарлардын биринде бычак болгонун жана ал алардын кызматкеринин колун кесип салганын билдиришти. 

Коопсуздук кызматкери эскертүү ирээтинде ок аткан.

Мындан кийин кардарлар милицияга арыз жазып, Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) кызматкерлери курал менен коркутканын айтышкан.

Ыкчам аракетке келчү топ (ГБР) өз кезегинде байкоо камераларына түшүп калган жазууларды милицияга беришкен.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020