3 августа 2020, 14:31

Замирбек Аскаров: Эл аралык уюмдар 9 млн сомго тете жардам беришти




"Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык партнерлор өзүнүн чоң салымын  кошушкан – КРнын Кызыл жарым ай улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана Өнүгүү программасы, ОБСЕ жана башкалар. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан эл аралык уюмдар 9 млн сомду түзгөн  жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товарлар жардам катары берилген. Алардын баары ӨК министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө, ошондой эле, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги,  Мамлекеттик чек ара жана салык кызматтары мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган", - деп маалымдады КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров.

Ошондой эле, мамлекеттик органдар жана жеке жарандардын тарабынан ӨКМге гуманитардык жардам берилип жатканын айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020