3 август 2020, 15:00

Баткенде 500 дөн ашуун мал курмандыкка чалынып, эти элге таратылып берилди

Баткен облусунун аймагында ыйык Курман айт майрамынын урматына курмандык чалуу жөрөлгөсүн уюштуруу иштерин бул ирет да Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Баткен облустук мусулмандар казыяты жана башка кайрымдуулук фонддор жана жеке ишкерлер менен биргеликте  уюштурулду.

Иш-чара алкагында курмандыкка чалынган мал эттери, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, учурдагы кырдаалга байланыштуу ооруканаларга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Жалпысынан облуста курмандыкка чалынган бодо жана кичи малдын саны 500дөн ашты. Мындан сырткары эл арасында өз алдынча курмандык кылган жарандар жүздөп саналат.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020