5 августа 2020, 10:52

Эл аралык Химия олимпиадасында “Сапаттын" окуучулары күмүш жана коло медалдарды алышты



 
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары 52-Эл аралык Химия олимпиадасында ( ICHO 2020 ) күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, химия боюнча 52-Эл аралык олимпиадасы 2020-жылдын 23-29 июль күндөрүндө онлайн форматта болуп өткөн. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 235 окуучу катышкан. 
 
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 4 окуучу катышкан. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Кубанычбек Камиль күмүш медалга, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил жана Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Соодонбеков Нурсултан коло медалга ээ болушкан.
 
Аталган олимпиадага 20 жашка чейинки окуучулар катышат. Ар бир катышкан мамлекеттен экиден өкүл Эл аралык калыстар тобунун курамына кирет, алар өз кезегинде тапшырмаларды талкуулашып, аларды катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон тилге которуп беришет. Эл аралык Химиялык Олимпиадага катышууну каалаган өлкө 2 жыл катарынан байкоочу болушу керек. Ар бир мамлекеттин курамасына эң көп 4 окуучу жана 2 насаатчы кириши мүмкүн.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020