5 августа 2020, 12:58

Чыныбай Турсунбековдун кызы: Атам, "миллионердин миллион карызы болот" деп айтчу

Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова өзүнүн FB баракчасына атасы түптөгөн компания ишмердүүлүгүн кантип баштаганы тууралуу жазды.

Ал аталган компаниялар өлкөдөгу ири налог төлөөчү ишканалардын катарында экенин, жылына 200 млн сомго чейин бюджетке акча которушарын айтат. 

"Атам, "миллионердин миллион карызы болот" деп айтчу эле. Бизге бизнести кантип баштаганын, кандай кыйынчылыктарга туш келгенин көп айтар эле. Бизди ошолордон сабак алсын дечү окшойт. Атамдын айтканы боюнча: «Алгач 1996-жылы Европалык өнүктүрүү банктан 170 миң доллар кредит алып, тилекке каршы анын 124 миң долларын түрктөргө жедирип жибердим. Агамдын, бажамдын, өзүмдүн үйлөрүмдү күрөөгө койгон элем, баарыбыздын акыбалыбыз кыйын кырдаалга кептелди. Тааныган кишилерден карызга алынган акчаны өндүрүшкө салып, карыздан кутулууга аракет кылдым. Кредиттен кредит алдым. Ошол мезгилде 148 пайызга чейин алган учурларым болгон. Анан Түркияда элчиликте иштеген аксакалыбыз 40 пайыз менен кредит берип, ошону менен эки жылда карыздардан кутулдум. Күн-түн дебей иштеп, экинчи жылда дагы 100 тонналык тегирмен курууга жетиштим. Ал учурда иштин көптүгүнөн үйдөн саат 6да чыгып, кечинде 11де кайтчубуз. Маңдай тер менен «Акун» фирмасын бутка тургуздук. Мен «Акунду» 13 жыл башкардым, ал аралыкта ишкананын ичинде 9 фабрика ачтык. Германиядан кыска макарон чыгарган, Италиядан спагетти чыгарган, Кытайдан кесме чыгарган жабдууларды алып, өндүрүштү күчтөндүрдүм. Айтор жыл сайын, ашып кетсе эки жылда бирден фабрика ачып, 13 жылда тогузга жеткирдик. Үзүрлүү иштеген экенбиз, чакан аралыкта өндүрүштөгү лидерге айландык».

Апам 2000-жылы биринчи чоң 2 млн 400 миң доллардык кредит алышканын көп эскерчүү эле. Ал кредитке немецтердин технологиясы менен иштей турган макарон фабрикасын курушкан. Бул чоң суммадагы кредитти алыш үчүн ошол кездеги иштеп жаткан бардык компанияларын күрөөгө коюшкан. 

Апамдын айтуусу боюнча бул кредитти алганга каршы болгонун, бирок атам "биз бул кредитти тобокелчиликке салып албасак компанияны өстүрө да, өнүктүрө да албайбыз" дегенинен поручитель болуп кол коюп берген. Бирок ошондогу колүнун калтыраганын көпкө чейин унута албай жүрдү. 

Атам түзүп кеткен компаниялар өлкөдөгу ири налог төлөөчү ишканалардын катарында, жылына 200 млн сомго чейин бюджетке акча которушат. 

Жыл сайын жылдын жыйынтыгын чыгарган чогулушта атам дайыма компанияда иштеген жумушчу-кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алар жеке эле өз үй- бүлөлөрүн бакпай, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салымын кошуп жаткандарын, анткени бюджетке төлөнгөн налогдун эсебинен эл пенсия, пособие, мугалимдер менен врачтар айлык аларын айтчу эле",-деп жазган Турсунбекова.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020