5 августа 2020, 17:15

Боронов: Коронавирустун экинчи толкунуна даяр болушубуз керек

Коронавирустун экинчи толкунуна даяр турушубуз керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 5-август күнү брифинг учурунда билдирди.

«Биз тараптан иштелип чыккан сунуштун негизги бөлүгү – бул пандемиядан жапа чеккен бизнес чөйрөлөрүн колдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу болуп саналат. Ошол эле учурда COVID-19 биздин жашообуздан эч жакка кеткен жок. Ошондуктан ооруп жаткандардын саны азайганына карабастан, илдеттин экинчи толкунуна даяр турушубуз керек. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү болушубуз шарт. Антпесе илдетти жуктургандардын саны көбөйүп кетиши ыктымал. Санитардык талаптар аткарылбаса, Президенттик жана Өкмөт Аппаратынын, медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын жасаган чоң иштери жокко чыгып калат», - деди Өкмөт башчы. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020