5 август 2020, 17:53

Премьер: Вирустун экинчи толкун башталса, биздеги 13,5 миң дарыгер жетишпей калат

Эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, айрым өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал күнүгө өзгөрүүдө. Эгерде кечээ ооругандардын саны азайганы боюнча айтылса, бүгүн жуктургандар арбын болгону кабарланууда. Айрым мамлекеттер жарандарын сактап калуу үчүн кайрадан карантиндик чараларды киргизүүдө. Биз 2020-жылдын июль айындагыдай илдеттин туу чокусуна жеткен абалдын кайталанышын каалабайбыз. Бул үчүн барыбыз буга чейин бекитилген санитардык эрежелерди сактоого тийишпиз. Анын үстүнө күз айларында курч респиратордук вирустук жугуштуу оорулардын саны көбөйөрү айтылууда. Буга байланыштуу учурда бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө», - деди Премьер-министр. 

Кубатбек Боронов белгилегендей, баарынан биринчи аймактарды медициналык кадрлар менен камсыз кылуу зарыл. 

«Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу, кайра даярдоодон өткөрүү маанилүү. Менчиктин түрүнө карабастан медициналык жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөргө ээ болгондорго мүмкүнчүлүктөр берилет, баарына  бирдей шарттар түзүлөт",-деди Боронов.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020