6 август 2020, 12:07

Ак кунастарды аткан жигит кармалды




Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кызыл китепке киргизилген үч ак кунасты аткан 20 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Сузак райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Э.Э. аттуу бала 30-июль күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында сайсыз ок атуучу курал менен жээкте учуп бара жаткан 3 ак кунасты (белый аист) атып, сүрөткө түшкөн. Кийин бир тууган иниси 20 жаштагы Э.Ж. келип атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Сузак РИИБнин кызматкерлери тарабынан издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран аныкталган.

Аныкталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
1 комментарий
  1. Аноним#5386
    Чтобя у тебя руки сгнили, недоносок!
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020