6 августа 2020, 15:07

Республикалык бюджеттен дарыгерлерге компенсациялык төлөмдөр үчүн 430 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга 2020-жылдын июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 млн сом бөлүндү.

Аталган чечим эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда   жугуштуу оорулардын козгогучтарын жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине байланышкан иштерди аткарган медициналык кызматкерлерге дем берүү максатында кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине                     30 млн сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна  400 млн сом суммасында каражат бөлүү тапшырылды.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020