6 августа 2020, 16:59

ММК фонду 231 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмун каржылайт

ММК фонду 231 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмун келишимдик негизде каржылоону ишке ашырат, анын ичинде 99 стационар, 30 Жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борбору, 49 Үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 Үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапка жана Бишкек жана Ош шаарларынын 2 Тез жардам станциясы. Саламаттык сактоо уюмдарында жалпы  58 миң медициналык кызматкер иштейт, анын ичинен 11,5 миңи врачтар. 


Стационарларды каржылоо


Мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. 
«КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык стационардык оорулууларды дарылоо үчүн акы төлөөгө 7 105,3 млн сом каралган. 
2020-жылдын 6-августуна карата стационарларда дарыланып чыккандардын саны 395 064дү түздү, 4 млрд 795,0 млн. сомго каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде 41,1 млн.сом коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн.


Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү кызматын каржылоо


Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталган калктын саны боюнча ишке ашырылат. Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо үчүн ММК фондунун 2020-жылга бюджетинде 6 138 940 адамды тейлөө үчүн 4 274,6 млн сом каралган. 

2020-жылдын 6-августуна карата Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого кеткен каражат 2 млрд 860,35 млн сомду түздү, анын ичинде стоматологиялык бейтапканалардын кызматы жана медициналык тез жардам кызматы үчүн. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020