6 август 2020, 17:10

ММК фонду 7 айда саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетине 7 млрд 031,5 млн.сом багыттаган

ММК фондунун жалпы бюджетинен ушул жылдын 7 айында саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетине 7 млрд 031,5 млн.сом багытталды.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы чыгымдарынын негизги үлүшүн эмгек акы катары төлөнгөн чыгымдар түзөт – 4779,3 же 67,6%, дары-дармек каражаттарын, анын  ичинде жеке коргонуу каражаттарын  сатып алууга –  1405,1 млн.сом же 23,7%, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 201,4 млн. сом 2,7%, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө – 291,8 млн. сом  5,3%,  жабдууларды сатып алууга – 29,4 млн.сом же 0,1%, транспорттук кызматтарга – 29,1 млн. сом 0,4% каражат жумшалган жана 85,0 млн.сом башка чыгымдарга жумшалган, анын ичинде адистештирилген ооруканалардын коргоо кызматына кеткен каражаттар.  

Мындан тышкары, 210,4 млн.сом үй-бүлөлүк дарыгерлерге, үй-бүлөлүк медайымдарга индикаторлорду аткаргандыгы жана амбулаториялык деңгээлде кургак учукту дарылагындыгы үчүн төлөнүп берилди. 

Курман айт майрамынын алдында, Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын чечими боюнча июль айына карата жаңы тариф менен медициналык кызматкерлерге компенсациялык төгүмдөрдү төлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен (2020-жылдын 27-июлундагы № 264)  ММК фондуна кошумча 400,0 млн. сом бөлүнгөн.

Баардык компенсациялык төлөмдөр июль айына карата 388,8 млн сом түздү. 2020-жылдын 29-30-июлунда  ММК фонду тарабынан  саламаттык сактоо уюмдарына  каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Бишкек шаары боюнча —                                135 млн 843,2 миң сом
- Чүй облусу—                                                   53 млн 55,5 миң.сом
- Ош облусу жана Ош шаары —                        72 млн 451,9 миң сом
- Баткен облусу—                                               15 млн 802,8 миң сом
- Жалал-Абад облусу –                                       37 млн 332,5 миң сом
- Нарын облусу —                                              20 млн 19,9 миң сом
- Ысык-Көл облусу —                                        37 млн 469,3 миң сом
- Талас облусу —                                                16 млн 789,1миң сом
 
Бул сумма саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнүн негизинде төлөнүп берилди. 

Жыл башынан тартып медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүгө 623,8 млн.сом төлөнүп берилди. 
Азыркы учурда саламаттык сактоо уюмдары ар түрдүү кырдаалдарга байланыштуу дагы да компенсациялык төлөмдөрдү эсептөөнү жүргүзүүдө. 

Саламаттык сактоо уюмдарынан компенсациялык төлөмдөр боюнча кошумча эсептөөлөр келген учурда, ММК фонду тарабынан көрсөтүлгөн сумма дароо кошумча төлөнүп берилет.  

Компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо боюнча маалымат ар бир саламаттык сактоо уюмунун чегинде ММК фондунун сайтында жарыяланып турат. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча азыркы учурда Ковид жана пневмония боюнча маалыматтар бириктирилген. Ушуга байланыштуу ММК фонду Саламаттык сактоо министрлиги жана  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин  Соцсервис мамлекеттик ишканасы менен биргеликте волонтерлордун активдүү катышуусунда Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун маалыматтары бириктирилген бирдиктүү маалымат порталын түзүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020