6 август 2020, 19:00

Учурда саламаттык сактоо уюмдарында 311 миң костюмд, 359 302 респираторлор жана 2,5 млн. бет кап бар

Коронавирус инфекциясы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен, жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тез жардам автомашиналарын сатып алуу үчүн 145 млн.сом бөлүп берүүдө. Саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдуулар менен жабдылган автомашиналарды сатып алуу пландаштырылууда. 

Азыркы учурда Саламаттык сактоо министрлигин эксперттик тобу тарабынан автомашиналарга жана тез жардам автомашиналарын жабдуу үчүн медициналык жабдууларга техникалык талаптарды аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. 

ММК фонду саламаттык сактоо уюмдарынын жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармек каражаттары менен жабдылышына күн сайын мониторинг жүргүзөт. 

Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында 311 миң бир жолу колдонулуучу костюмдар, 359 302 респираторлор жана 2,5 млн. медициналык бет каптар бар. 

Жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн дагы 250 млн. сом   акча каражатын бөлүү пландаштырылууда. Мунун өзү медициналык кызматкерлерди дагы бир айга жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 

Дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча кырдаал   бир топ турукташты. Бирок айрым Надропарин (Фраксипарин), Натрийдин Эноксапарини, Кларитромицин, Пиперациллин+Тазобактам, Мидазолам  сыяктуу дары-дармектердин жетишсиздиги дагы эле байкалууда. Бул дары-дармектердин бардыгы коронавирус инфекциясынын жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.  Ошол эле учурда, белгилей кетүү керек, бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында акча каражаты бар. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек каражаттары жана  медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаментинин маалыматы боюнча бардык дары-дармек каражаттары Кыргызстандын рыногунда бар. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020