7 август 2020, 10:31

«Чоң Казат» партиясына БШК эскертүү берди

«Чоң Казат» партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, комитет 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook», YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты. «Чоӊ Казат» партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020