7 августа 2020, 12:51

Турганбаев: Жетекчисиңби, ошол жерде иштеген кызматкер жана жумуш үчүн жооптуусуң




Мелис Турганбаев, КРдин Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы: 

Жетекчисиңби, ошол жерде иштеген ар бир кызматкер үчүн, иштеген ишиң үчүн жоопкерсиң, - деп сөзүн баштаган бүгүнкү “жетекчи - реформатор” рубрикабыздын каарманы калкына эмгеги сиңген, милициянын генерал майору Турганбаев Мелис Токтомамбетович. 1986-жылы студенттик күндөн кийин Фрунзенин, Свердлов районунда лейтенант наамы менен кылмышкерлер күроштү баштаган. Ошол кездеги башын тобокелге салган опер кызматкерге, бир канча кылмышкер тиш кайрап, каны кайнаган.

Кыргыз милициясында өзүнүн атын алтын тамга менен жазууга аракет кылып, кыргыз милициясына кызмат кылып, бир топ оңдоп, жакшы шарттарды түздү. Ошол эмгектери генералдын артынан алкыш ээрчитти. Чогу иштеген ар бир кызматкер сыймыктануу менен жакшы сөзүн гана айтат. Кол алдындагы опер балдарга атасындай камкордук көргөзүп, ошол эле маалда иш боюнча талап кылган жетекчи.

Заманга жараша Мелис Токтомамбетович, ылай сууга акты, тоо-ташка урунду, өзүнүн өжөрлүгүнөн себепсиз иштен да айдалды. Бирок акыйкаттык орноп, ушул кезге чейинки ак эмгеги, уюштуруучулугу, принципиалдуулугу аркылуу кыргыздын намыскөй жигити бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтан өз ордун тапты. Үй – бүлөлүү, үч баланын атасы. 



Милициянын генерал-майору Турганбаев Мелис Токтомамбетович, 1985 – жылдан 2017 – жылга чейин   КРнын ички иштер органында жигердүү кызмат өтөгөн. 

Кыргыз ССРнин жана КРнын ички иштер органында кызмат өтөө учурунда ар түрдүү башкы курамдагы кызматтарда иштеген: Фрунзе шаарынын Свердлов райондук аткаруу комитетинин ИИОнун опер кызматкери, улук опер кызматкери, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, 1-Май районунун ИИОнун башчысы, КРдин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысынын орун басары, КРдин ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы, КРдин ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин баңги заттарды контролдоо боюнча Агенствосунун директору, КРдин ички иштер министринин орун басары, КРдин ички иштер министринин биринчи орун басары, КРдин ички иштер министри болуп иштеген.  

2019-жылдын февраль айында КРдин Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагалыгына дайындалган.
Милициянын генерал-майору М.Т.Турганбаев КРдин Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы болгон учурдан бери өзүнүн эрктүүлүгүн, максатка умтулгандыгын жана мыкты иш билгилигин көрсөттү. Өзүнүн ишинде ЖАМКнын органдарына жана мекемелерине контрол жүргүзүүнү күчөтүү менен иш чараларды өз учурунда уюшкандыкта өткөрүп, республика боюнча бардык мекемелерге өзү барып иштин системалуу жүрүшүн камсыздады. Ыкчам иш жүргүзүү тажрыйбасы жетиштүү болгондуктан, мекемелердеги ыкчам-режимдик жагдайды эффективдүү контролдоону ишке ашырып жана өздүк курамдын ишинин уюштурулушун жеткиликтүү деңгээлде колдоду.  

Жазык-аткаруу тутумунун түзүмүн оптимизациялоо максатында ЖАМКнын Борбордук аппаратындагы жана мекемелериндеги штаттык түзүмдүн уюштурулушу боюнча эбегейсиз иштер жүргүзүлдү. Борбордук аппараттын кызматкерлеринин санын кыскартуу менен төмөнкү бөлүмдөрдөгү персоналдык кызматтарды бекемдөө иштери жүргүзүлүп, өзгөчө көңүл тарбиялык кызматка бөлүндү.   
 
Мындан сырткары, жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын квалификациясын жогорулатуу максатында, ЖАМКнын Окуу борборунун потенциалын көтөрүүгө, квалификациялуу окутуучуларды, алардын ичинен окумуштуулук даражасы жана наамы бар окутуучуларды ишке тартуу менен атайын кесиптик, гуманитардык укуктук сабакктардын кафедрасы түзүлдү.  Окуу борборунун ишмердигинин алкагында Россия Федерациясынын ЖАФКнын Академиясы менен биргеликте кызматташуу планы иштелип чыкты. Окуу борборунда окумуштуулардын кеңеши түзүлгөн. ЖАМКнын Окуу борборунда кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер ишке ашырылды, ошондой эле ЖАМКнын кызматына киришүүчү алгачкы кандидаттар окуудан өткөрүлдү.   

Милициянын генерал–майору М.Т.Турганбаев ЖАМКны жетектөө учурунда ЖАМКнын органдарынын жана мекемелеринин өндүрүштүк потенциялын көтөрүү жана ишке ашыруу менен алардын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча көлөмдүү иштер ишке ашырылды. Жыйынтыгында ЖАМКнын өндүрүш иши кеңейип, пландалган жана системалуу 12 өндүрүштүк иш аймактары (бетон курулуштары, балык, жер жемиштерди өстүрүү, жер жемиштерди кургатуу жана малдын ич майын эритүү, ири мүйүздүү малдарды багуу боюнча, тигүү цехтери, нан азыктарын бышыруу, кирпич жана кумдан даярдалган блок кирпичтерин чыгаруу) уюштурулду. 

Жогорудагыларды эске алганда, ЖАМКнын «Келечек» мамлекеттик ишканасынын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр (ун азыктарын өндүрүү боюнча тегирмендер ишке киргизилди) өндүрүштө өсүштөр болду, кирешенин көлөмү көбөйдү жана соттолгондорду жумушка орноштуруу өстү. Мындан сырткары, ЖАМКнын мекемелеринин азык түлүккө болгон керектөөлөрүн камсыздоонун көлөмү өстү. Өндүрүштөн түшкөн кирешелердин эсебинен ЖАМКнын мекемелеринин инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шартын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. №38 жатак-абагына жер жемиштерди кургатуу үчүн жабдуу сатып алынды, №27 мекемеге жерге төшөлчүү таман таштар берилди, №47 мекемеге дарылоо мекемесине көп сандагы дарыланууда кийилчүү ич кийимдер берилди, №2 мекемеге  цемент, ошондой эле эмеректер сатылып берилди, №32 мекемеге курулуш үчүн кирпичтер жеткирилди, №19 мекемеге кызматкерлердин балдарын мектепке жана бала бакчага ташуу үчүн 18 орундуу кичиавтобус сатып берилди ж.б.у.с.

 

Милициянын генерал–майору М.Т.Турганбаевдин иш жүргүзүүдөгү бирден бир келечектүү багыты жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу, аларды социалдык колдоого, коргоого алуусу болду. Ушул багытта ЖАМКнын кызматкерлери жана алардын үй–бүлөө мүчөлөрү, эмгек ардагерлери үчүн ЖАМКнын тарыхында алгачкы жолу ЖАМКнын Поликлдиникасы/Госпиталы түзүлүп керектүү жабдуулар менен камсыздалып, бүгүнкү күнгө чейин 4000 миңден ашык квалификациялуу медициналык жардамдар көрсөтүлдү, Госпиталь 50 керебеттик оорунга ылайыкталган.  КРдин Өкмөтүнүн «ЖАМКнын Госпиталын жана поликлиникасын» дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө» 2019-жылдын 25-декабрында №706 токтому кабыл алынган. Поликлиниканын ишмердигинин акуалдуулугу өзгөчө пандемия учурунда билинди.   

Жалал-Абад шаарындагы, Чүй областынын Аламүдүн районунун  Молдовановка айылындагы ЖАМКнын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу аяктап эксплуатацияга берилди, белгилей кетсек Жалал-Абад шаарындагы кызматтык үйлөрдүн докуметтеринин таризделиши боюнча маселелердин чечилиши менен жүздөн ашык үй-бүлөнүн жашоо тиричиликтеги орчундуу маселелери чечилди.
ЖАМКнын Борбордук аппаратынын жана мекемелеринин административдик имараттарында  жана кызматтык бөлмөлөрүндө эбегейсиз оңдоп–түзөө иштери жүргүзүлдү. 



Милициянын генерал-майору М.Т.Турганбаевдин жеке демилгеси менен ЖАМКнын талдоо жана мониторинг борбору, ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине ыкчам жагдайда көзөмөл жүргүзүүнү борборлоштуруу түзүлдү.

Талдоо жана мониторинг борбору КРдин ЖАТтын мекемелеринин аймагындагы кооптуу абалга жана аны жөнгө салуу потенциалына көзөмөлдү автоматтык түрдө ишке ашырууга жана контролго алууга коопсуздук тутумуна бириктирилген, о.э. түрдүү байланыш каналдарын колдонуу менен бирдиктүү түзүм түзүлгөн (компьютердик байланыштар, чубалгылуу-оптикалык линиялар). Режим учурдагы убакытта болгон окуяларды жана журналдагы окуяларды видео терезеден көрсөтүү ишке ашырылып, ошондой эле аларды кийинкиге сактоо үчүн видео мааалыматты жазуу жүргүзүлөт. Ушундай эле талдоо жана мониторинг борбору программалык камсыздоонун жардамы менен ыкчам маалыматты талдоону жана ЖАМКнын башка бөлүмдөрүндөгү укуктун бузулуусун, анын ичинен коррупциялык багыттардын болушу боюнча эскертүүнү, ыкчам жардам көрсөтүүнү ишке ашырат.

ЖАМКнын Борбордук аппаратында ушундай эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору «Бирдиктүү терезе» түзүлгөн. Бул тутум арыз берүүдөгү убакытты үнөмдөйт, маалымат алуу механизимин бекемдейт жана төлөм жүргүзүлөт. «Бирдиктүү терезе» жаңы форматта жарандарды тейлөө принципи боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун оптимизациялаштыруу, жарандар менен байланышууну бекемдөө, кызмат көрсөтүүдөгү убакытты кыскартуу, процедуралардын санын азайтуу, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ишке киргизилди. Борбордун ишинде ЖАМКдан түрдүү маалымкаттарды алуу процедурасын жана кызмат көрсөтүүнүн бекемделиши каралган.

Талдоо жана мониторинг борборун жана ЖАМКнын мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборун толук кандуу функциялаштыруу үчүн техникалык камсыздоого жана жабдууларды, эмеректерди жана инвентарларды сатып берүүгө эл аралык донорлор тартылды, баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму жардам көрсөтүштү. Көрсөтүлгөн Борбордун түзүлүшүнө эл аралык донордук уюмдардын колдоосуна жана активдүү катышуусуна ЖАМКнын төрагасынын жеке салымы чоң экендигин белгилеп айта кетүү керек.



Көрсөтүлгөн жетишкендиктер эмгеги сиңген авторитеттүү милициянын генерал-майору Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин жеке жана кесипкөй сапатына ийгиликтерди алып келди.

Солтобекова Назгүл Эсенбековна, КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын медицина башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги:

Солтобекова Назгүл Эсенбековна ЖАМКда 2003-жылдын 24-январынан тарта кызмат өтөп келүүдө. Тырышчаактыгы менен алдына койгон максатына жетип, өз кызматына жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Ар кандай оор учурларда өзүн токтоо кармап, туура чечимдерди кабыл алып, бардык ЖАМК мүчөлөрүн, соттолгондорду, камактагыларды өз убагында медициналык кароодон өткөрүп турат. 
Азыркы пандемия учурунда Назгүл Эсенбековна ЖАМКнын госпиталынын жана поликлиникасынын жана өздүк курамы үчүн өз күчүн, билимин аябастан, ар бир кызматкер үчүн күрөшүүдө, анын кесипкөйлүгү, көп жылдык тажрыйбасы, эрктүүлүгү, медицина кызматкерлерине түздөн-түз таандык чечкиндүү сапаттары аны дагы бир ирет кесипкөй экендигин далилдеди. 
Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, сүйкүмдүү үч баланын энеси.

Калмаматов Калыбек Ашимович, КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №21 мекемесинин башчысы, ички кызматтын полковниги:
№21-мекеме штаттык санынын көптүгү, соттолгондорду кармоо, мекемеге келүүчүлөрдүн көптүгү менен башка мекемелерден айырмаланат. Биздин жетекчинин өзгөчөлүгү: иш билгилиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору принципиалдуу жетекчи десем жаңылышпайм. Алсак мекемедеги абалды туруктуу кармап, пандемия маалында вирустун жайылышына жол бербөө иш-чараларын катуу көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрдү. Соттук отурумдардын ж.б. иштерди баары онлайн өттү. Административдик мекемелердин жана кызматтык жатаканалардын көпчүлүк бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, текшерип кароочу бөлмөлөр ачылды.

Ашымов Арстанбек Таалайбекович, КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын финансылык чарба башкы башкармалыгынын өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси, ички кызматтын капитаны:

2009-жылы КАУну аяктап, ошондон тарта мамлекеттик кызматта үзүрлүү эмгектенип келет. Арстанбек Таалайбекович: - Жетекчибиз Мелис Токтомамбетовичтин бизге койгон талаптары: так, ачык, актуалдуу жана аскер тартибинде болгондуктан ар бир буйругу кыска убакытта натыйжасын берип, ЖАМКнын ар бир мекемесинде “Реформа” б.а. замандын талабына ылайык – прогрессивдүү илимий-техникалык өсүүнү, ишке айкалыштырып, өндүрүштү кеңейтип, ар бир тармакта ийгиликтүү иш алып баруудабыз.

 



Мамлекет тарабынан жатак абактагылар каржыланбайт. Ошол себептен биз өз камыбызды өзүбүз көрөбүз. Мисалы: Бир жыл мурун Токтогул районуна балык өстүрүү чарбасын ишке берип, бүгүнкү күндө 3 тоннага жакын балык өстүрүлүүдө. Андан тышкары жер иштетүүгө да басым жасалып, аянт 50 гектарга көбөйдү. Ал аянттарга жашылча жер-жемиш эгилет. Кургатылган мөмөлөр ЖАМКнын борборлоштурулган кампасы аркылуу бардык мекемелерге бөлүштүрүлөт. Беловодсктогу №45-колонияда жумуртка багытындагы 700 тоок багылууда. Ушулсыңары ар бир колонияда шартына жараша жумуш менен камсыздалгандыктан, өндүрүшүбүз алдыга жылууда.



Калмаматов Калыбек Ашимович, КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №21 мекемесинин башчысы, ички кызматтын полковниги:
№21-мекеме штаттык санынын көптүгү, соттолгондорду кармоо, мекемеге келүүчүлөрдүн көптүгү менен башка мекемелерден айырмаланат. Биздин жетекчинин өзгөчөлүгү: иш билгилиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору принципиалдуу жетекчи десем жаңылышпайм. Алсак мекемедеги абалды туруктуу кармап, пандемия маалында вирустун жайылышына жол бербөө иш-чараларын катуу көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрдү. Соттук отурумдардын ж.б. иштерди баары онлайн өттү. Административдик мекемелердин жана кызматтык жатаканалардын көпчүлүк бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, текшерип кароочу бөлмөлөр ачылды.
Абдыкалыкова Акмарал,

КРнын ардактуу тергөөчүсү, отставкадагы ардагер офицер
ФАКТЫ KG гезити 4-август 2020-жыл
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020