7 августа 2020, 15:01

“Ала-Тоо эл сыймыгы” сыйлыгы ЖАМКнын кызматкерлерине тапшырылды




Бүгүн Кыргыз Республикасынын “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ички кызматкерлерин 12-август кесиптик майрамына карата жазык аткаруу тутумунда кошкон салымы жана ак эмгектери үчүн ардак громата жана алтын медалдары менен сыйлады.

“Ала-Тоо Эл сыймыгы”алтын медалы жана ардак громатасы менен ЖАМКнын төрагасы милициянын генерал майору Турганбаев Мелис Токтомамбетович, СИЗО-1 мекемесинин башчысы ички кызматтын полковниги Калмаматов Калыбек Ашымович, медицина кызматынын башчысы ички кызматтын полковниги Солтобекова Назгүл Эсенбековналар сыйланышты.

Андан тышкары ЖАМКнын 7 кызматкерине, анын ичинен 5 медицина кызматкерлерине жоопкерчиликтүүлүгү жана талыкпаган ишмердүүлүгү үчүн ардак громаталары тапшырылды.



 

“Ала- Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук фондунун Президенти тарых жазуучусу, профессор Асыкбек Оморов өз сөзүндө күч түзүмдөрүндө анын ичинен өзгөчө контингент менен иштеген жазык аткаруу тутумунун кызматкерлери ары татаал жана опурталдуу кызматты аркалай тургандыктарын баса белгилеп, мекен алдындагы милдетти так аткарууга үндөп, коомдук тартипти сактоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой , ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев аркалаган ар бир кызматта реформатор лидер экенине токтолуп, жазык аткаруу мекемелериндеги ачылган өндүрүш аймактары андагы алгылыктуу жетишкендиктер тууралуу айтып калоо тилегин билдирди.

Кыргыз Республикасынын ардактуу тергөөчүсү, отставкадагы ардагер офицер Абдыкалыкова Акмарал башка кесиптерден айырмаланып, күч түзүмдөрүндө эмгектенген аялзаттарынын күжүрмөн эмгектери, багынткан ийгиликтери менен ар убак сыймыктанаарын айтты. Эл башына күн түшүп турганда айрыкча медицина кызматкерлеринин кылган эрдиктерин айтып, ЖАМКнын мээрман айымдарына чын дилден ыраазычылыгын билдирди.

Аталган фонддун өкүлдөрүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы М. Турганбаев кесиптик майрамды утурлай кызматкерлерди шыктандырып сыйлык тапшыргандарына ыраазычылыгын айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020