8 август 2020, 12:42

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандарга акчалай жардам көрсөтүлдү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Баткен облусундагы өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, Кыргыз-Тажик чек арасында жараат алган жарандардан кабар алган.

"Жаркынбек Максутов чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор деп белгилеп, аларга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан акчалай жардам көрсөттү.
Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто. Ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда. Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүрүүдө. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.




 
1 комментарий
  1. Аноним#3640
    Алар только уруш талап кылышат
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020