8 августа 2020, 17:07

Узарбек Жылкыбаевдин ордуна Байыш Юсупов дайындалды


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов өкмөттүн аталган облустагы өкүлүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган жарлыкка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Эске салсак, буга чейин Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал депутаттыкка аттанаары тууралуу айткан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021