8 августа 2020, 17:49

Жээнбеков: 100 млн долларга чейин оорукана салабыз деген ишкерлерибиз бар

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

— Урматтуу Президент, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калгандай. Ошентсе да дарыгерлер абалдын кескин өзгөрүп кетүүсүн жокко чыгарышкан жок. Аймактарда ооруканаларды оңдоп-түзөө, кошумча имараттарды ачуу, медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча тапшырмаларды бердиңиз эле. Ар кандай кырдаалга  даяр туруу боюнча аракеттер кандай жүрүп жатат?

— Премьер-министр Кубатбек Айылчиевич менен иштин жүрүшү боюнча маалымат алмашып, күнүмдүк иштерди жана келечек пландарды үзгүлтүксүз талкуулап турабыз. Экөөбүз ар дайым байланыштабыз.

Андан тышкары, өзүңөр билгендей, жума сайын экөөбүз онлайн режиминде өлкөнүн күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча багыттарды аныктап, өкмөттүн кечиктирилгис иштери менен тааанышып турам.
Ошондой зарыл иштердин бири — региондордогу ооруканаларды кошумча орундар менен камсыздоо ишин дагы алып кетип жатабыз.
Өкмөт маалымат берди. Азыр жалпысынан 12 объектиде жумуш жүрүп жатат.

Аймактарда жайгашкан 9 оорукананы капиталдык оңдоп-түзөп жатышат.

Муну эмне үчүн жасап жатабыз? Өткөндө билесиз, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы ачык айтты. Качан оңолот, качан токтойт бул оору, биз дагы айта албайбыз, деп айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир даяр болушубуз керек, ар кандай бул оорунун таркалуусу боюнча. Суук мезгилге кокус оору дагы улана турган болсо, ошого даярдык көрөлү деп, ооруканаларды, мурунку ар кандай шылтоолор менен реформа жүргүзөбүз деген, ар кандай программанын негизинде программа түзүшүп, ошонун негизинде көп койко-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. 15 жыл, 20 жыл болгондор бар.

Ошолорду биз кайрадан капиталдык ремонттон өткөзүп, жандандырып, ошол ооруканаларды иштетели деп, ишке берели деп аракеттер болуп жатат. Мына ушунун натыйжасында, республика боюнча 1000ден ашык орундар даяр болот. Өткөндө эле көрдүңөр, Бишкек шаарында 100 орундук жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу башталды. Премьер-министр Ошко барды. Нарында башталды — 70 орундук оорукана. Биз ушул объектилердин бардыгын тең максималдуу тез арада бүткөрүүнү пландаштырып, тапшырманы бердик. Бюджеттен дагы каражаттары чечилди.

Бул ооруканалар медициналык жабдык, эмерек, шаймандар менен камсыз болот.
Өкмөт жергиликтүү бийлик менен бул багытта ишти өзгөчө көзөмөлдө жүргүзүүдө.
Мен толук кабардармын.

Өткөндө Таласка барганда дагы, Каракол, Чолпон-Ата, Ысык-Көлгө дагы барып, таанышып келдим. Иштин баары күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат.

Мындан тышкары, мен буга чейин айтып келдим, тапшырмаларды азыр берип жатам. Шаарларга, облустук борборлорго комплекстүү медициналык кызмат көрсөтчү, жаңы типтеги ооруканалар курулат.

Мунун баары менен жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарт түзөбүз.

Ооруп калган адамдарыбыз, шаардын тигил башынан бул башына убара болбой, бир жерден комплекстүү медициналык кызмат ала турган шарт түзөлү деп атабыз.

Бул көптөгөн кыргызстандыктардын тилеги.

Мындай ооруканаларды куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде болот.

Бул ишти азыр баштап алсак, буйруса келебиз деген инвесторлор бар.

100 млн долларга чейин оорукана салабыз деп, эң алдынкы технология менен курабыз деген ишкерлер бар.
Бизден дагы чыгат, өзүбүздөн. Аларга көңүл бурулбай, шарт түзүлбөй, ошол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча ушул ишти баштабай туруп калган. Азыр жанданып жатат. Өзүм карап, тапшырма берип жатам.

Ал жерде эмнеси менен өзгөчөлүк болот? Бул эң алдыңкы технологиядагы жабдык менен жабдылат. Бизде көбүнчө катуу оорулуулар дарыланыш үчүн Түркия, Россияга, алыскы мамлекетке кетип жатпайбы. Проблеманы ошону менен чечебиз.

Бул боюнча инвесторлор бар. Эми ошону жергиликтүү бийликке айтып жатам, отура бербей кыймылдагыла деп. Инвестор бар, каражат бар. Ошолорду тартып, шарт түзүп, алып келсеңер иштейт деп. Бул боюнча иш алып барып жатабыз. Менин көзөмөлүмдө. Муну дагы ишке ашырабыз.
1 комментарий
  1. Аноним#895
    в смысле ишкерлер? а ты что в жопу пихаешь почти 1млрд от доноров и кредиты которые набрал за пол года?!

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021