8 августа 2020, 17:53

Президент: Бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, кыскартуулар болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

— Сиз өткөн маекте мамлекеттик кызматка алууда мыктыларга артыкчылык берилерин айттыңыз эле. Ал эми эл арасында мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу керек деген пикирлер бар. Мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу, мамлекеттик түзүмдөрдөгү сарамжалдуулук жана үнөмдөө боюнча  талаптар күчөтүлөбү?

—        Бул абдан жакшы суроо болду. Пандемия шартында баарыбыз көрдүк. Бир эле биз эмес, бүт дүйнө ушундай көрүнүшкө туш болду.
Жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болот жана өзгөртүшү керек экендиги айкын болду.
Мурун эле менин ойлорум бар эле, ошол ойлорумду ушул кырдаал бекемдеди.

Бул — мезгилдин талабы. Бул — муктаждык. Албетте, биздин мамлекет дагы ошондой реформа жасай турган кадамдарга барат.
Буга чейин деле өлкөдөгү административдик-территориалдык реформа боюнча өтө көп айтылып келген болчу. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз. Ар кандай шарт менен болбой келди.

Бирок, алдыдагы парламенттик шайлоо өткөн соң, ошол реформага киришебиз жана аягына чыгабыз.
Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуу да болот. Мамлекеттик системанын ыкчам иштегенге, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020