10 августа 2020, 10:41

Сокулук районунун прокурору илдеттен улам каза болду




Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков каза болду. Чүй облустук прокуратурасынан маалымана ылайык, Бактыбек Сыргаков илдеттен улам 9-август күнү каза тапкан. 

Эмгек жолу:

Бактыбек Сыргаков 1963-жылы 28-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган.
Ал прокуратурада өз кызматын 1989-жылы тергөөчү болуп баштаган. 

Кемин райондук, Ош шаардык, Ош облустук, Өзгөн райондук, Талас облустук прокуратурасында эмгектенген. Баткен облусунун прокурору, Талас, Ош облусунун прокурорунун орун басары кызматтарын аркалаган.

2019-жылдын февраль айынан тарта Сокулук районунун прокурору болуп иштеп жаткан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020