10 августа 2020, 16:03

Даир Кенекеев жана Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясына кошулушту

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жана экс-вице-премьер-министр Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясына кошулушту. Аталган маалымат партиянын фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Аларга партиялык билетти «Кыргызстан» партиясынын төрагасы Канатбек Исаев тапшырды.



Эске салсак, Мамытов 2015-жылы "Республика Ата Журт" саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү болгон.  2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген. 2010-жылы "Ата-Журт" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.



45 жаштагы Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.  
2018-жылы Д. Кенекеев "Учкун" ААКсынын башкы мүдүрү болуп дайындалган.  
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021