12 августа 2020, 10:33

Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумушчу сапарын улантууда.

Өлкө башчы 12-13-август күндөрү жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат. Ошондой эле коронавирус пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен тааныша турганы күтүлүүдө.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021