12 августа 2020, 17:21

Мамасадык Исраилов “Ардагер” медалы менен сыйланды



Бүгүн 12-август 2020-жылы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында көп жылдан бери кызмат өтөгөндүгү үчүн жана ошондой өле ардактуу эс алууга чыккандыгына байланыштуу ички кызматтын полковниги, жазык аткаруу тутумунун ардери Исраилов Мамасадык Акматалиевич “Ардагер” медалы менен сыйланды.

М. Исраилов күч түзүмдөрүндө 1992-жылдан баштап ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Ардагерге сыйлыкты ЖАМКнын төрагасы Турганбаев Мелис Токтомамбетович тапшырып жатып жазык аткаруу тутумуна кошкон салымы жана күжүрмөн эмгеги үчүн алкыш айтып, калоо тилегин билдирди.

Мамасадык Акматалиевич сиздин жазык аткаруу тутумуна кылган ак эмгегиңиз жана жатак абактарынын абалын оңдоого, соттолгон жарандардын укуктарын коргоого кошкон зор салымыңыз үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын эмгек жамааты ыраазычылык билдирет.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020