Жумабеков: Учурда коронавирустун балдарга коркунучтуу оорусу жүрүп жатат деген маалымат тарап жатат (видео)

3 сентября 2020, 11:14

Массалык маалымат каражаттарында COVID-19 пандемиясынын балдарга коркунучтуу оорусу жүрүп, аларга койко орундар даярдалып жатат деген маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастан Жумабеков билдирди. 

Ал өкмөткө бул тууралуу расмий маалымат берүүнү суранды.

"Бул маалыматтын чын же жалганы тууралуу маалымат берип койсоңуздар. Учурдан пайдаланып, коомчулукка кайрылгым келет. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал алына элек, эрежени так сактаңыздар",- деди депутат.

Спикер массалык түрдө элди жыйнап, иш чара, тойлорду өткөрбөөгө чакырды.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021