3 сентября 2020, 11:59

Депуттар дагы 1 айга тыныгууга кетиши мүмкүн

Бүгүн депутаттар Жогорку Кеңештин ишин дагы бир айга токтотуу маселесин чечет. Бул тууралуу жыйында айтылды.

Спикер Дастан Жумабеков 4-октябрга чейин парламенттин ишин токтотуу сунушу келип түшкөнүн айтты

"Бул үгүт иштерине байланыштуу. Көптөгөн депутаттар жаңы мөөнөткө аттанып жатышат. Алар региондордогу үгүттөө иштерине катышат",- деди Жумабеков.

Дастан Жумабеков депутаттар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштерине колдоно аларын кошумчалады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021