3 сентября 2020, 14:05

Депутаттар 2-октябрга чейин тыныгууга кетишти

Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин 2-октябрга чейин токтотушту. Мындай чечим бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков шайлоочулардын алдында калыс болоорун белгиледи.

"Парламентчилердин көпчүлүгү VII чакырылышка ат салышат жана үгүт иштерин жүргүзүү үчүн аянтчаны колдонбош үчүн, жумуштан бир аз тыныгуу алып, шайлоочулар менен жеринде жолугушууга убакыт бөлгөн жакшы. Эл өкүлдөрү буга макул болушту",- деди ал.

Эске салсак, үгүт иштери эртең, 4-сентябрда башталат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021