13 сентября 2020, 10:44

Дипломат Эрик Асаналиев каза болду




Дипломат Эрик Асаналиев кечээ 12-сентябрь күнү дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги жайгаштырган.

Эрик Асаналиев 1959-жылы 2-майда Ысык-Көл облусундагы Ак-Булуң айылында туулган. Ал мамлекеттин тышкы саясаттагы кызыкчылыктарын 1994-жылдан баштап коргоп баштаган. Анда ал ТИМдин Өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси болуп баштаган.

1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, андан кийин Литва менен Латвиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген. Аны менен Асаналиев КМШнын уставдык жана башка органдарына караштуу КРнын Туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Ал буга чейин «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук уюмунун төрагасы болуп, коомдук иштерди активдүү жүргүзүп келген.

Асаналиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын тышкы саясатта татыктуу коргоп, өлкө аброюн алдыга жылдыра алганы менен өзүн тажрыйбалуу жетекчи жана дипломат экенин көрсөтө алган.

Дипломат акыркы убакта оору менен күрөшүп келгени айтылат.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020