15 сентябрь 2020, 17:00

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

 
2020-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Бул туурасында бүгүн премьер-министр Кубатбек Бороновдун брифинг учурунда билдирди.

 
Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып индексациялоо иштери башталат. Ага ылайык, орто эсеп менен пенсиянын көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт.
 

"Токтомго ылайык, бул иш-чара жыл сайын жүргүзүлөт. Пандемия шартына карабастан пенсионерлерди колдоого каражат бөлүнөт. 689 миң пенсионерди индексациялоого 827 миллион сом керектелет. Бюджеттен 75 миллион 200 миң сом, пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен 752 миллион 600 миң сом бөлүндү", - деди ал.
 

Индексациалоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107% га өсөт. Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде – 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат.
 

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6061 сомду түздү.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020