15 сентябрь 2020, 17:10

Кыргызстанда абал турукташса октябрь айынан тарта мектептер толук кандуу иштей баштайт

Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин жакынкы арада кадимкидей тартипте уланта баштоону колдоорун айтты. Бул тууралуу 15-сентябрда онлайн кеңешме учурунда маалым болду. 
 



Онлайн кеңешменин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков эпидемиологиялык кырдаал турукташса октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.
 
Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020