16 сентября 2020, 16:26

Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду

Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында көз жумду. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.Алардын айтымында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчаланды.



Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарыкка келген. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктагандан кийин Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970–1974-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген.
 
Тагаев эл оозуна алынып, классикага айланган 120дан ашык обондордун автору. Анын 60ка жакын обону "Кыргыз радиосунун" Алтын казынасына жазылып алынган. 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти", 1997-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамдары берилген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020