21 сентября 2020, 17:34

Бишкекте мас абалында аялын аёсуз сабаган киши кармалды



Бишкекте аялын аёсуз токмокко алган 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда А.А. аттуу жаран кайрылып, жолдошу А.К.га карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу өз арызында 19-сентябрь күнү саат 21:30 чамасында “Учкун” кичи районундагы үйүнүн жанынан күйөөсү аны мас абалда сабаганын айткан.
Бул факт КЖБРге “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Шектүү А.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020