21 сентября 2020, 20:06

Ат -Башы тургундарынан сибирь жарасы аныкталды. Аймак чектөөгө алынды

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Тал айылынын үч тургунунан сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары билдирди. 

Билдирүүгө ылайык, 11-сентябрь күнү Кара-Тал айылынын тургуну колуна жара чыгып, шишигендиктен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган. Текшерүүнүн натыйжасында ал сибирь жарасына шектелген.

“2-сентябрь күнү Коёнду-Колот жайлоосунан ооруп жаткан уйду сойгон. Малдын ашказанынан ар кандай баштыктар чыккан. Жумурусу катып калганын көрүшүп, уйдун кыйналганын ошондон улам деп эсептешкен. Анын этин 12 бөлүккө бөлүшүп, кошуналарына таратышкан. 10 күн өткөндөн кийин уйду сойгон 2 жаранга жана малдын этин жеген бир тургундун колуна жара чыккан. Андан тышкары 70 киши уйдун этин жегендиги аныкталган.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020