"Биз сизди шайлаганбыз!". Орус-казак чек арасында калган кыргыздар Жээнбековго кайрылышты (видео)

22 сентября 2020, 14:27

Орусия менен Казакстандын чек арасында 3000ден ашуун кыргыз жараны өтө албай турат. Бул тууралуу маалыматты элчилик тараткан.

Учурда аталган маселени чечүү каралып жатканы белгилүү. Биздин редакциябызга чек арада турган жарандар видео жөнөтүштү.

Андагы жарандардын бири "Бизди ойлой турчу мезгил келди. Биз сизди ойлоп президент кылганбыз. Мен мугалим болчумун. Акчанын аздыгынан бул жакка келгем" деп айтып жатканын угууга болот.

Жарандар өлкө башчыдан аталган маселени тез арада чечип берүүнү суранышкан. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020