Канат Исаев: Президент жана төрага кыргызча так сүйлөшөт. Биз орусча так сүйлөгөнгө милдеттүү эмеспиз (видео)

22 сентября 2020, 18:30

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев "7 каналга" интервью берген. Алып баруучу Исаевге VI чакырылыштын депутаттарына көп сындар айтылганын билдирген.

Канат Исаев сындагандан мурун эне тилди үйрөнүп алуу керектигин кошумчалаган.

"Депутаттар менен бир жолу чай ичип отуруп калдык. Азыр сиз төрага тууралуу айтып жатасыз. Ошол күнү ал сүйлөп жатып ката кетирип алган. Биздин кесиптешибиз ошол тууралуу сөз башатаган. Ошондо мен айттым кыргыз тили менен орус тили кандай макамга ээ экенин сурадым. Депутаттар кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили - расмий деп жооп беришти. Мен "Расмий тилди билүүгө милдеттүүбүзбү?" десем, "Жок" дешти. "Мамлекеттик тилдичи?" десем, "Ооба" деп жооп беришти. Биз орусча так сүйлөгөнгө милдеттүү эмеспиз", - деп жооп берген Исаев.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021