24 сентября 2020, 12:21

БШК: Шайлоодогу бюллетендерди толтурууда колдонулуучу сыя жоголуп кетет деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин социалдык тармактарда эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ага кошумча шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөгөн видеоролик тараган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт.

«Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020