"Сооронбай Шарипович сизге факты эле керекпи?". FB колдонуучусу Майлуу-Суу лицейиндеги коррупция тууралуу айтты

25 сентября 2020, 10:50

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейдин мугалими бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун ичин толтуруп берүү үчүн 1000 сомго чейин акча алат. Бул тууралуу Замира Мамбетова аттуу FB колдонуучусу жазып чыкты. Ал өлкө башчыны алыскы аймактарда, билим берүу тармактарында болуп жаткан коррупциялык иштерге көңүл бурууга чакырды. 

"Бүгүнкү күндө мыйзамсыз, милдеттүү түрдө делип акча алып жаткандарга канчага чейин көз жумасыңар?
Билим берүү тармагындагы ар түркүн шылтоо менен мыйзамсыз акча чогултууларга каршы өкмөттөн токтом чыгартып, иштетүүгө алыңар келбегенден кийин мамлекетти кантип башкарып олтурасынар?",- деп жазат колдонуучу. 


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020