26 сентября 2020, 14:23

Шайлоодон кийин карантин кайра киргизилеби? Жээнбеков жооп берди




Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук Телерадикорпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек берди.

Өлкө башчы эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет деген кеп тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.


Эми карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да. 
Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик – ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь айында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат",- деди Жээнбеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020