26 сентября 2020, 14:54

Жээнбеков Путин менен кайсы маселелерди чечерин айтып берди




Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук Телерадикорпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек берди.

Өлкө башчы Россияга жасай турган иш сапарында бир катар маселелер карала турганын белгиледи.

Быйылкы жыл Кыргызстан жана Россиянын Эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Бирок, пандемиядан улам көп иш-чараларды өткөрө албай калдык. Азыр эпидкырдаал бир аз турукташа баштаган учурда, ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны бизде, Бишкекте өттү. Бул Эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара.

Өкмөттөр аралык комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады.
Бул жыйынга катышуу үчүн келген делегациянын жетекчиси Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Логвинович Оверчук менен жолугуштум.

Биз дагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле энергетика тармагындагы маселелерди карадык.
Эриш-аркак жылынын ачылышы февралда Москвада болгон.

Кээ бир иш-чаралар тилекке каршы, азырынча абалдын жакшырышына чейин токтоп турат. Алардын мөөнөттөрүн өзгөртүү боюнча Россия тарап менен сүйлөшүп жатабыз",- деди президент.


Жээнбеков Кыргызстан жана Россиянын Эриш-аркак жылынын жабылыш аземи 2021-жылга жылдырганын белгиледи.

 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020