26 сентября 2020, 15:27

Жээнбеков коронавирустун көбөйүшү тууралуу: Шайлоо деп партиялар да, Өкмөт дагы саясий ишке алагды болушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук Телерадикорпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек берди.

Өлкө башчы өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай баа берерин айтты.

Биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон.
Ал окуялар, биринчи кезекте, бизге - бийликтегилерге чоң сабак болуш керек.
Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, Президент катары кызыкдармын.
Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз.
Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр.
Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү – бул менин президенттик негизги милдетим.
Мени ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенем. Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы – ар бирибиздин колубузда.Эч бир күч биздин Мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз.
Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын да иши күчөтүлгөн тартипте болушу керек.
Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коет. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек.
Мен буга чейин айткандай, ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт, буйруса.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен мекендештеримдин көңүлүн коронавирус илдетине буруп кетейин.
Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, Өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда.
Бирок, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилеккке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек.
Партияларды мурда да айттым эле, тилекке каршы, адамдарды көп топтоп үгүт ишин жүргүзүп жатышат. Өкмөттүн Республикалык штабы, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Мындай көрүнүштөргө өз убагында көңүл буруп, аларды эскертип турушу керек деп ойлойм.
Ар бир мекендешимди өзүн-өзү коргоо чараларын сактоого чакырам. “Сактайм дегенди Кудай сактайт” деген сөз бар го, ар кимибиз биринчи өзүбүзгө, балдарыбызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга жооптуубуз да. Ар кимибиз биринчи өзүбүз сактансак, ошондо жакындарды сактайбыз да. Ошол үчүн буга кайдыгер мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек", - деди Жээнбеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020