“Эшик убагында ачылган эмес”, - Москвадагы заводдо көпүрө сынып жабыркандар иштин чоо-жайын айтышты

28 сентября 2020, 10:25

“Эгерде чыга турган эшикти убагында ачып койгондо, мындай кырсык болмок эмес”, - деп журналистерге берген маегинде Россиянын Москва облусундагы «FM LOGISTIC» заводундагы кырсыктан жабыркаган айым билдирди.

Анын айтымында, иш күн аяктанган соң, жумушчулар кетүүгө шашып кулап түшкөн темир көпүрөнүн үстүнө чогулуп калышкан, ал мынча көп кишини көтөрө албай кулап калган.

“Мен кандай болгонун түшүнбөй калдым, бардыгы бир мунөттүн ичинде болуп кетти. Биз сыртка чыгалы деп күтүп турганбыз, эшикти узак убакытка ачпагандан көп киши чогулуп калды, анан куладык. Биринин башы жарылды, биринин буту сынды. Анан эле ызы-чуу болуп, бири-бирибизди издеп калдык. Мен бул жакта кызым менен түнкүсүн иштейм”, - деп билдирди жабырлануучу. 


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020