28 сентября 2020, 15:21

Эртең Бишкек шааарынын айрым аймактарында суу өчүрүлөт


Эртең борбор калаадагы бир нече жаңы конуштарда суу өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек мэриясы кабарлады.

Шаардагы суу түтүктөрү кыш мезгилине даярдалып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат . Буга байланыштуу  29-сентябрда эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарына суу берүү үзгүлтүккө учурайт. 


Бул конушта жайгашкан төмөнкү объектилерде да суу токтойт:
№9 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
Орхон 2 көчөсүндө жайгашкан бала бакча;
№21 муниципиалдык аймактык башкармалыгы;
№20 китепкана;
№7 аймактык милиция бөлүмү;
№21, №94 мектептер;
"КУТ МонтажСтрой" компаниясы;
Дордой 17 көчөсүндөгү "Ак-Илбирс";
"Дордой" базарындагы №6 аймактык милиция бөлүмү;
"Бегимай-Дордой" балдар бакчасы;
Свердлов райондук коомдук-профилактикалык борбору.

Бишкек мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирип сурап, алдын ала суу камдап алууну өтүндү






1 комментарий
  1. Аноним#449
    Медицина борборунда очурушпой эле койсо болмок
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020