28 сентября 2020, 15:30

Эл аралык математика олимпиадасында "Сапаттын" окуучулары коло медаль жана кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту




Ушул жылдын 18-28-сентябрь күндөрү өткөн Эл аралык математика олимпиадасында "Сапаттын" окуучулары коло медаль жана кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти. 

Маалыматка караганда, олимпиада онлайн өткөн.

Аталган олимпиадага 100 өлкөдөн 616 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы 6 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 2 окуучусу кирген.

Олимпиаданын жыйынтыгына ылайык, “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүшкөн: 

- Ош “Сема”  лицейинин 11-классынын окуучусу Апиев Эрдан коло медаль;

- Ош  “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Абдирасулов Адиль кызыктыруучу сыйлык. 

Биринчи жолу эл аралык олимпиада 1959-жылы Румыния өлкөсүндө 7 мамлекеттин арасында өткөн. Негизги максаты – математика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу болуп саналат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020