“Социал-демократчы" Мадумаровго Бакиевдерге кантип белек тартуулагандыгын эсине түшүрдү

28 сентября 2020, 17:44

Социал-демократтар партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун ортосунда теледебат учурунда кайым  айтышуу болду.

Мадумаров Султанбековго кайрылып: "Бул бала мектепте окуп жүргөндө, менин ишимдин натыйжасында кенже класстарга ысык тамак берилди"- деди.

Султанбеков: "Сиз дагы эле мектептерге 5 сомдук кружка чай жана булочка бергендигиңиз менен мактанасыз.  Россияда берилген ысык тамак менен алмаштырбаңыз.  Ал эми спикер кезиңизде айдаган кымбат унааларыңыздын баасы , Жаныш Бакиевдин тоюнда берген камчынын баасы канча ?  Атамбаевдин кеткенине  төрт жыл болду,  мен келе элекмин, мени эмнеге сындап жатасыз?”- деп Султанбеков ачууланып кетти.
1 комментарий
  1. Аноним#115
    Султан молодец жаш болсо бетке айтыптыр
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020