29 сентября 2020, 09:15

Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен келди




Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Венгрияга расмий визит менен келди.
Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортундагы жайкы талаада Ардак кароолдун ротасы тизилип, кызыл килем төшөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарына келгенде Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен бейформал кечки тамакта болушту.

 





Расмий визиттин алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.
Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

 





Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын Төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.



 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021